ЖЫЛНААМА, 15-ИЮНЬ: Эки жыл мурун орусиялык ырчы Жанна Фриске рак илдетинен каза болгон

Эки жыл мурун, 2015-жылы 15-июнда орусиялык ырчы Жанна Фриске рак илдетинен каза болгон. Ырчынын сөөгү Москванын четиндеги Николо-Архангельск көрүстөнүнө коюлган.

Дарыгерлер Жанна Фрискеге 2014-жылы январь айында 4-даражадагы глиобластома (мээнин залалдуу шишиги) диагнозун коюшкан. Ал Германиянын, АКШнын клиникаларында дарыланган. Аны дарылатуу үчүн жолдошу Дмитрий Шепелев каражат топтоону уюштуруп, жалпысынан 70 миллионго жакын рубль жыйналган. Коомчулуктун кол сунганына Жанна Фриске ыраазы болгон.

2014-жылдын жай айында ырчынын ден соолугу жакшырып, көзүнүн көрүүсү калыбына келип, шишиги тарап, арабасыз өзү басып, жакындарын, күйөрмандарын сүйүндүргөн. Бирок бир жарым жыл бою айыккыс дарт менен алышкан ырчы көз жумган. Күйөөсү Дмитрий Шепелев дарыгерлердин алдын ала берген жагымсыз маалыматын угуп акыркы көз ирмемдеринде сүйүктүүсүнүн жанында болууну каалабай, өлөрүнө бир күн калганда баласы Платонду алып Болгарияга учуп кеткен. Кийинчерээк ал баласына энесинин өлүмүн көрсөткүсү келбегени үчүн башка мамлекетке алып чыгып кеткенин билдирген. Ырчы ата-энесинин, сиңдиси Натальянын жана жакын курбусу Ольга Орлованын көз алдында кайтыш болгон.

Ырчы жана актриса Жанна Фриске 1974-жылы 8-июлда туулган. 1996-жылдан баштап 2003-жылга чейин "Блестящие" тобунда ырдаган. 2013-жылдан тартып жеке ырчы катары чыга баштаган. Бир катар реалити шоулорго катышып, эрктүү, тайманбас экенин көрсөткөн.

15-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан