Талас районунун Ак-Жар айылында жаңы мектептин ачылышы болду
Бүгүн Талас районунун Ак-Жар айылында жаңы мектептин ачылышы болду. Мектептин ачылышына өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышып, компьютердик класс ачып берүүнү убада кылды. Маалым болгондой, жаңы мектеп 382 окуучуга ылайыкталып, 8 класс жана спорттук залы бар. Билим уясын курууга 53 миллион сом сарпталган.