Мындан 91 жыл мурун, тактап айтканда, 1926-жылдын 15-июнь күнү Фрунзе шаарынын Кошчу көчөсүндө (азыркы Абдымомунов атындагы көчө) алгачкы өрт өчүрүү кызматынын тобу түзүлгөн. Бул топ 9 кишиден туруп, аларда кызмат үчүн 4 ат араба, 1 автоунаа болгон. Азыркыдай автоматташтырылган суу бүркүүчү автоунаалар жок, сууну кол менен иштетүүчү насостун жардамы аркылуу чачышкан.
1994-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №795-токтому менен 15-июнь жыл сайын Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин күнү болуп белгиленет.
Азыркы учурда өлкө боюнча 3 миңдей өрт өчүрүү кызматкери, 250дөй атайын унаа бар.
15-июнга карата жылнаама.