ЖЫЛНААМА, 15-ИЮНЬ: Режиссёр, продюсер Канат Култаев туулган күнүн көл жээгинде белгилөөдө

Бүгүн, 15-июнда кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү режиссёр, продюсер Канат Култаев 38-туулган күнүн белгилөөдө. Режиссёр SUPER.KG`ге өздүк майрамын командасындагы жигиттер менен көл жээгинде белгилеп жатканын айтат.

"Туулган күндү жыл сайын Ысык-Көлдө белгилөө адатка айланды. Бул жылы да салтты бузган жокпуз. Маанайым жакшы. Бүгүн, эртеӊ ушул жакта болуп майрамдайбыз. Андан соӊ Бишкекте уланат", - дейт Канат Култаев күлүп.

Белгилей кетсек, режиссёр Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. "Дастан" техникалык университетин бүтүргөн. 2004-жылы "Кыргыз телерадиосунун эң мыкты режиссёру", 2006-жылы Маданият министрлигинин Ардак грамотасы, 2006-жылы Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Темир Назаров, Мирбек Атабеков, Даниель, Алихан, Гүлжигит Калыков, Иса Өмүркулов сыяктуу ырчыларга продюсерлик кылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2017-06-16 10:54:08
Patriot7, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнү каралоого тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан