ЖЫЛНААМА, 15-ИЮНЬ: Саясатчы Ахматбек Келдибеков 51 жашка толду

Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы "Ата Журт" фракциясынан депутат Ахматбек Келдибеков 1966-жылы 15-июнда Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы Воронеж политехникалык институтунун Автоматташтыруу жана машина курууну роботтоштуруу факультетин, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча артыкчылык менен, КРнын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “юрист” адистиги боюнча бүтүргөн.
1984-1986-жылдары Советтик Армиянын Грузиянын Кутаиси шаарындагы аба-десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1986-жылы Ош облусунун Алай районундагы “Правда” совхозунда жумушчулуктан баштаган. 1990-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын “Импульс” илимий-изилдөө борборунда инженер, андан соң улук инженер болуп иштеген.
1992-1993-жылдары – Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Машина таануу институтунун директорунун орун басары.
1993-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде башкы адис, бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальниги болуп иштеген, 2001-2002-жылдар аралыгында – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.
2002-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы болуп эмгектенген.
2005-жылдын март айында III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып, 2007-жылдын октябрына чейин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы болуп турган.
2007-жылдын октябрынан 2008-жылдын декабрына чейин жеке ишкерлик менен алектенген.
2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Салык жана жыйындар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматын ээлеген, 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болгон.
2010-жылы “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 17-декабрынан 2011-жылдын 11-декабрына чейин V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болгон. 2011-жылдан тарта Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.
2013-жылы Ахматбек Келдибековго "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 2016-жылы Жогорку соттун чечимине ылайык, ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 10 миллион сом которууга милдеттендирилген.
15-июндун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан