Дастан Бекешев көчөгө таштанды ыргыткандарды ошол жерди тазалатуу менен жазалаш керек дейт

Административдик жаза тууралуу мыйзамды эч ким толук түшүнбөй жаткандыгын бүгүн, 16-майда ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Айтымында, Кыргызстанда патриотторго караганда таштандылар көп. Ошондой эле административдик жоопкерчилик тууралуу мыйзамда көчөгө таштандыларды ыргыткандыгы үчүн адамдар коомдук иштерге тартылышы керек. “Бирок өкмөт бул мыйзамды колдонбой жатат. Кайсы жакты карасак эле таштанды. Ушуларды таштап жаткан жарандардын өздөрүнө кайра ал жерди тазалата турган болсок, анда алар көчөлөр кандай эмгек менен тазаланып жаткандыгын билишет эле”,- деди эл өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан