Орусиялык саясатчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский аны Кыргызстанга киргизбөө тууралуу Жогорку Кеңештин чечимине жооп кайтарды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары жарыялашты.
“Бул маселени чечүүнүн жолу эмес. Алардын бул маселеге кайрылууга укугу жок болчу, себеби андай сөздөрдү мен расмий түрдө айткан эмесмин”,- дейт Жириновский. Бул сөздөр миграция тууралуу талкуу болуп жатканда айтылгандыгын белгиледи. “Менин сөзүм мазактаганга жатабы?”- деп Жириновский таң калып жатканын жана тескерисинче Ысык-Көлдү мактаганын билдирген.
Эске сала кетсек, кечээ жакында Жириновский “Орусия Кыргызстандын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыккан болчу. Ал эми 15-майда Жогорку Кеңеш Жириновскийди Кыргызстанга киргизбөө тууралуу токтом кабыл алган.