Кытайдын Шаньдун провинциясында энелери таштап кеткен жолборстун балдарын ит камкордугуна алып, эмизип багууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта 5 жаштагы эне жолборстор жаӊы туулган балдарына камкордук көрсөтүүдөн, эмизүүдөн баш тартканы айтылат. Андыктан аларды Сисякоу коругунун жумушчулары жакында тууган ургаачы итке алып барып, күчүктөрүнө кошуп коюшкан. Жаныбар буга каршылык көрсөтпөй эмчек сүтүн 4 жолборстун балдары менен өзүнүн эки күчүгүнө кошуп эмизип баштаган.
Мындай кадамга кызматкерлер сейрек кездешүүчү алтын түстөгү жана ак жолборстун тукумун улантуу үчүн барышканы маалымдалат.