Транспорт министри Төө-Ашуудагы жолду оңдоо ишинин кечиктирилгенин туруксуз аба ырайына шылтады

Төө-Ашуу жолун оңдоо иши туруксуз аба ырайынан улам кечиктирилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда КСДП фракциясынын жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, жолду оңдоп-түзөөгө 80 миллион сом бөлүнүп берилген жана асфальттоо иши башталган. Министр жамгыр жаап, жол кургабагандыктан иш кечиктирилип жатканын кошумчалады жана жолду жамоо иштери бүткөнүн эскертти.

Ошондой эле Калилов Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо иштери башталганын баса белгиледи.

Учурда аталган жыйында Кыргыз Республикасындагы жолдорду куруу жана оңдоо чөйрөсүндөгү абал тууралуу маселе каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан