Талас шаарында катталган катуу шамалдын кесепетинен келтирилген чыгымдын суммасы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Чыгымдарды тактоо үчүн 5-июнда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлдү. Болжол менен материалдык чыгым 86 100 сомду түзгөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Ошондой эле Чүй облусунун Панфилов районундагы бир мектептин 40 шифери, Жайыл районунда сарайдын 225 шифери учуп, талкаланган.
Ал эми Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кичи Айдаркен айылында 7 турак үйдүн сарайынан 53 шиферди шамал учуруп кеткени аныкталган.