КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков суунун үстүнө жолду асфальт менен жамаган кызматкерлер жумуштан алынбаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-июнда аталган фракциянын жыйынында билдирди.
“Жазында жамгыр нөшөрлөп турганда жолду асфальт менен жамагандар кызматтан алынганы жарыяланган. Коомчулуктун бардыгы бали дешти. Бирок алар кызматтан алынбаптыр го. Ошондо Транспорт жана жол министрлиги премьер-министрди алдадыбы же элдиби?” - деп сурады.
Министр Жамшитбек Калилов кызматтан кетире албай койгонун моюнуна алды. “Мен аларды буйрук менен кызматтан кетиргем. Бирок алардын жактоочулары бизге кайрылып, жумуштан кетире алган жокпуз. Жамгырда жолду оңдогон болбойт. Ошондуктан келтирилген зыяндарын төлөп беришти”, - деди министр.
Рыскелди Момбеков: “Жол оңдолгондо турмуш оңдолот" деп айтылат. Бирок биздин өлкөдө аздыр-көптүр турмуш оңдолду, ал эми жолдор оңдолгон жок. Биз аткаруу бийлигине кандай гана сөздөрдү, жомокторду айтсак да, алар эч нерсе жасашпайт”, - деди.
Эске салсак, жазында интернеттеги социалдык түйүндөргө жол кызматкерлери суу толгон чуңкурду асфальт менен жамап жаткан видео тарап кеткен.