Бишкек шаарынын мэри Токтоналиев көчөсүнө 208 дарак отургузганга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты

Бүгүн, 16-июнда КСДП фракциясынын жыйынында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Токтоналиев көчөсүнө 208 дарак отургузганга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

Депутат Альфия Самигуллина дарактарды кыйып жатканда эл менен иш алып баруу керек экенин белгиледи.

Мэриянын өкүлү бул маселенин негизинде бир канча жолу жолугушуулар болгонун айтып өттү. “Аталган көчөдө 880 дарак кыйылмак, андан кийин элдин талабынан улам 143 гана дарак кыйылды”, - деди ал.

Ибраимов 143 дарактын ордуна 208 дарак отургузганга мүмкүнчүлүк бар экенин баса белгиледи.

Эске салсак, 2-июнда аталган көчөнүн бак-дарактары кыйылган. Буга каршы болгон жергиликтүү жашоочулар дарактарды кыйып, жол куруудагы долбоор менен элди тааныштырбаганына нааразычылыгын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynkatar03
2017-06-16 13:23:17
200 дон коп дарак отургузганга мумкунчулук бар, просто желание жок мэряда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан