Кыргыздын Австриядагы элчиси, ЕККУдагы жана Венадагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Бакыт Жусуповго кошумча милдеттер жүктөлдү. Ал Кыргыз мамлекетинин Венгриядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 16-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бакыт Жусупов Чүй облусунун Москва районуна караштуу Чоң-Арык айылында туулган. 2002-жылы Кыргыз Улуттук университетин бүтүргөн.
2002-2005-жылдары КУУда мугалим болуп иштеген. Стратегиялык анализ жана божомолдор институтунда илимий кызматкер болуп 2005-2007-жылдары иштеген. 2007-2008-жылдары дипломатиялык кызматта референт, 2008-2010-жылдары Тышкы иштер министрлигиндеги Чыгыш мамлекеттери департаментинде катчы болуп эмгектенген.
2010-2011-жылдары өкмөттүк аппаратта тышкы саясат боюнча эксперт, 2014-жылга чейин президенттик аппаратта эксперт, 2014-2017-жылдары президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.