Бүгүн, 16-июнда КСДП фракциянын жыйынында депутат Карамат Орозова оор жүк ташуучу унаалар жолду бузуп жаткандыктан акы төлөшү керектигин айтты.
Эл өкүлү жолду курууга жана оңдоп-түзөө өтө чоӊ көлөмдөгү насыя каражаттары тартылып жаткандыгын белгиледи.
“Жол насыя каражаттарына салынгандыктан бара-бара ал өзүн акташы керек. Жолду негизинен оор жүк ташуучу автомашиналар бузууда, алар ошого тете акы төлөсүн”, - деди ал.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өкмөткө Түндүк-Түштүк жолунда жүрүүгө акы алуу сунушу киргизилгенин билдирди. “Мурда ашыкча жүккө акы алуу чечими кабыл алынган. Бирок ал казынага жетпей, ошол жердеги кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жаткан. Азыр андан баш тартуу чечимине келдик”, - деди министр.
Фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасындагы жолдорду куруу жана оңдоо жаатындагы абал талкууланып жатат.