Суусамырда жайыттарды каптап кеткен алтыганаларды тазалоо иши быйыл башталат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда эл аралык жер кыртыштарынын чөлгө айлануусуна каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урматбек Мырзакматов билдирди.
Анын айтымында, Суусамыр өрөөнүндө 495 миң гектар жайыттын 16 миң гектардан ашуун жерин жапайы алтыгана басып калган.
"Суусамыр өрөөнүндөгү алтыганаларды ошол жерге жайлоого чыккандарга, жергиликтүү элге кыркууга тыюу салынгандыктан да көбөйүп кеткен. Эми атайын жайык жердеги жайыттарды баскан алтыгананы кыркууга уруксат бергени жатабыз. Биздин адистер да быйыл барышып, 10 гектар жердин айланасын тосуп, бир нече химиялык заттар менен жок кылуунун жолун эксперимент кылып көрүшөт. Алардын эффективдүү натыйжа көрсөткөнүн тандап алып аны колдоно баштайбыз", - дейт Мырзакматов.
Андан сырткары ал алтыгананын жайык жердеги жайыттарды баскан бөлүгү жок кылынып, адырлардагы алтыганалар жер көчкүнү алдын алуу каражаты катары калтырыла турганын билдирди.