19-июнда Алмазбек Атамбаев Путиндин чакыруусу менен Орусияга барат

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапары менен 19-июнда Орусияга барат. Бул тууралу бүгүн, 16-июнда маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барат. "Иш сапар 19-июндан 24-июнга чейин созулат. Президент Кыргыз-Орусия дипломатиялык мамилесине 25 жыл толгондугуна байланыштуу барат. Анда эки өлкөнүн стратегиялык мүнөздөгү кызматташуусу талкууланат. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында дагы сөз болот. 20-июнда Орусияда өтчү Кыргыз маданият күндөрүнө катышат", - деди Субакожоева.

Мындан тышкары Атамбаевдин Орусияда жашап жана иштеп жаткан Кыргыз жарандары менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргыз мамлекетинин башчысы Башкортостан жана Татарстанга барып, бул республикалардын башчылары менен жолугушмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан