#СуперАта ким болорун аныктап, добуш бериӊиз

Жыл сайын дүйнөдө Аталар күнү июнь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул күн 18-июнга туура келди.

Бул күндүн урматына "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы ЮНИСЕФ менен биргеликте #СуперАта сынагын жарыялады! Аталган иш-чаранын максаты – аталардын балдарды тарбиялоодогу өзгөчө ордун, алардын сүйүүсүн, бала төрөлгөндөн тарта атанын колдоосу зор мааниге ээ экенин белгилөө.

Эл арасында супер аталар толтура! Алар жумуш, үй-бүлө багуу менен катар балдарынын турмушуна да активдүү катышат. Алар балдарын жуунтушат, тамактандырышат, чогуу ойношот, уктатышат. Дал ошондой супер аталардын балдары менен түшкөн кызыктуу сүрөт-баяндарына сынак жарыяланып, арасынан кызыктуулары добуш берүүгө коюлду. Жеңүүчүлөр кызыктуу белектер менен сыйланышат.

Супер аталар, чамдагыла! Супер ата болуу үчүн супер күчкө ээ болуунун кажети жок!

Сынактын катышуучулары менен бул жерден таанышып, добуш бериңиз. Жеңүүчүнү чогуу тандайлы.

Добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыӊыз.

19-июнь күнү 18:00дө добуш берүү токтотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
raykray
2017-06-16 16:47:51
Суротто жа жазгандарын окусам базары супер аталар экен, реальный жашоолорунда кандай болду экен?! Мага Мамбет Калмуратов кызы Камила жакты,менин да кыздарым атасы болоп койсом ойгонду Эми бошот деп эле чечкенге шашчу)
+3
Sveta23
2017-06-17 08:00:14
Супер Инфо супер ата конкурсунун жеңүүчүлөрүнө биринчи экинчи үчүнчү орун дегендерге да сыйлык болобу же бир эле адам алабы. Карасам баары эле жакшы аракет кылышыптыр
0
Mumu1986
2017-06-17 08:06:45
Тиги эмне белек ОЗУ?
+3
didu
2017-06-17 08:13:01
азыр орозо айы мындай бей таараттага эмес, кураанды жаттаган улан кыздарга ушундай сынактарды уюштурсанар.
-1
lady_91
2017-06-18 13:48:59
didu,бул эмне дегенин созунон озундун денгээлин томондугун тушунугун жоктугун коргозупсун,керек болсо пайгамбардын уй булоно жакшы мамиле кыл деген хадисиндегидей эн сонун аталар экен,бали,ушундай аталар кооп болсо экен!!!
+6
Oylonkyrgyzym
2017-06-17 10:01:34
Мен да катышып көрсөмбү же кеч калдымбы?!))
Биякты билбей калыпмынго.:)
0
iliya
2017-06-17 11:20:18
Кыргызстан бойунча 28 дей катышуучу бар екен.емнеге аз
0
AykaMer
2017-06-19 10:01:17
iliya,Эки жагынды байкаштыр анан коросун эмнеге аз экенин. Супер ата тугул атанын озу жок кооп жаш балдардын...
+1
kuzumka
2017-06-17 18:21:49
Эмнеге биздики чыкпай жатат жооп берип койгулачы админ.жэ кеч калдыкпы. Кечинде жонотконбуз
+1
AzKumFerDan
2017-06-18 11:53:13
Меники жокко
+1
Mumu1986
2017-06-18 13:52:32
Админ,Азаматсынар! Тигилердин опкосун басып ордуна тушуруп койгонунар жакшы болуптур. Отоле ашыкча болуп кеттиле.
+4
admin_superstan
2017-06-18 14:46:40
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a, Sveta23, Munarbek1988, техникалык катачылык түзөтүлдү.
+1
Aitun
2017-06-18 18:35:58
Мен добуш бербейм
-3
Ali-han
2017-06-19 14:07:54
Конкурсунар тушунуксуз супер Инфо!
0
AzKumFerDan
2017-06-19 20:43:41
Менин сүрөттөрүм кайда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан