Спорттун кикбокс түрү боюнча Дүйнө чемпиону Уланбек Касымбековдун көзүнө шашылыш операция жасоого жетиштүү каражат чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда SUPER.KG порталына спортчу өзү айтып берди.
"Көзүмө операция жасатуу үчүн коомчулук тарабынан колдоо көргөзгөндөр көп болду. Алардын ар бирине ыраазычылык билдирем. Буюрса, 18-июнь, жекшемби күнү Москвага учуп кетебиз.
19-июнда дарыгердин кабылдоосунда болом. Андан соң операция кайсы күнү болору белгилүү болот. Мага колдоо көргөзгөн мекендештериме ыраазычылык билдирем", - деп билдирди Касымбеков.
Эске салсак, буга чейин спортчунун көзүнө шашылыш операция жасатуу зарылдыгы жаралып, ал үчүн 3 миң доллар жумшалары айтылган.