Бүгүн, 16-июнда президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине милдеттерин абийирдүүлүк менен жана үлгүлүү аткаргандыгы, ыкчам-кызмат ишмердигинде жакшы жыйынтыктарга жетишкендиги үчүн Ардак грамоталарды тапшырып, президенттик сааттар менен сыйлады.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө аларга Кыргыз элинин атынан өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Атамбаев мамлекеттин жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зор иштерди аткарган дал ушундай офицерлердин күч-аракети менен, УКМК өлкөнүн реалдуу коргоочусу болуп калгандыгын белгиледи.