Екатеринбургда туруктуу жашаган жери жок болгондуктан токойдо күн кечирип жүргөн Кыргыз жараны мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Орусиянын Екатеринбург шаарындагы кайрымдуулук уюмдун жетекчиси Уланбек Акматалиев билдирди.
"Шавкат аттуу жарандын паспорту жок болгондуктан Кыргыз диаспорасы ага өздүгүн аныктоочу убактылуу документ жасап берди. Уюмдун жардамы менен автобуска билет алынды. Дайынсыз болуп жаткан Замир Атамкуловду издеп, сураштырып жатабыз. Азырынча маалымат жок", - деди Акматалиев.
Мындан сырткары аталган шаардагы Кыргыз жарандары каражат чогултуп, муктаж болгон мекендештерине жардам берип келишкенин кошумчалады.
Екатеринбург-Бишкек каттамы менен келе жаткан автобустун айдоочусу да унаасында Ш.Узгенбаев келе жатканын ырастады.
Айта кетсек, 19-майда интернет айдыңына Орусияга иштегени кетип дайынсыз жоголгон баласын күткөн эненин видео аркылуу кайрылуусу тараган эле.
Кийинчерээк социалдык тармактарга "мен барам, апа" деп ыйлап, кайрылуу жасаган жигиттин видеосу чыккан. Интернет колдонуучулары аны энеси издеп жаткан Замирбек Атамкулов деп болжолдошкон. Бирок ал жаран Шавкат Узгенбаев экени жана анын энеси издеп жаткан балага тиешеси жоктугу белгилүү болгон.
Ал эми бүгүн Екатеринбургдагы мекендешибиз "Замирбек Атамкулов аттуу кыргыз жигити табылып, мекенине автобус аркылуу жиберди" деп маалымат берген.