Италияда өзүн ханзаада катары тааныштырып бир нече жыл бою ырчыларды, жеке ишкерлерди алдап жүргөн адам кармалды

Италияда өзүн падышанын тукумунан болом деп белгилүү ырчыларды, аристократтарды алдап жүргөн Стефан Цернетич аттуу адам полиция кызматкерлери тарабынан колго түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кармалган жаран бир топ жылдан бери белгилүү инсандарга өзүн Черногория менен Македониянын ханзаадасы катары тааныштырып, жылдыздардын ар түрдүү кечелерине барып, алар менен түшкөн сүрөттөрүн интернетке жүктөп турган.

Цернетич мейманканада жашап, акчасын төлөбөй эсепти Римдеги Македония элчилигине жиберүүнү айткан. Мейманкананын башчысы элчиликке кайрылганда “ханзаада” тууралуу аларда маалымат жок болуп чыккан.

Андан соң иликтөө иштери башталып өзүн ханзаада катары тааныштарган 56 жаштагы Стефан Цернетич Италиянын жөнөкөй эле жараны экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kyialkech2016
2017-06-17 10:11:39
Убактылуу болсо да жыргап алыптыр молодец.
+11
aidinaernur
2017-06-17 10:11:42
Тарыхта бар да калпычы калк экени
+8
Ymanbekov
2017-06-17 10:37:28
Эркек экен
+4
ayjan_90
2017-06-17 14:12:16
Аиииий коркпой сыр бербей турушун
+5
pixduel1
2017-06-17 20:42:39
Ишенип алган адамдарды айтсанар)))) билгенде аябай жаман болсо керек)))
+1
kaisaarmyn
2017-06-18 04:08:32
Тооба адамга там берип бутпойсун
0
AKCAHAT
2017-06-19 02:41:12
Памела чоголоп алганын жон эле)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан