Кечээ, 15-майда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча суу каналынан адамдын жансыз денеси табылганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Сууга чөгүп кеткен адам Нарын облусунун Нарын шаарынын тургуну, 1977-жылы туулган Бекжан Ишен уулу экени аныкталды. ӨКМнын Куткаруу кызматынын жана Суучулдарды даярдоо борборунун куткаруучулары маркумдун жансыз денесин чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен. Учурда кырсыктын себеби такталууда.