“Гарри Поттер жана Феникс ордени” тасмасында профессор Эверарддын ролун аткарган актёр Сэм Бизли 101 жашында дүйнө салды. Ал 12-июнь күнү уктаган бойдон ойгонгон эмес.
Бирок актёрдун жакындары бул тууралуу кечээ, 16-июнда маалымат таратышкан. Маалым болгондой, актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 21-июнь күнү Лондондо өтөт.
Сэм Бизли 1916-жылы 29-июнда туулган. Анын актёрлук карьерасы 1930-жылдары башталып, өмүрүнүн соңуна чейин “Агент Жонни Инглиш”, “Мадам Сузацка” жана башка бир топ тасмаларга жана сериалдарга тартылган.