Чуңкурчак жайлоосунда кылым карыткан кыргыз элинин жашоосун чагылдырган фестиваль өткөрүлдү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылына караштуу Чуңкурчак жайлоосунда "Кылым карыткан кыргыз көчү" урааны менен "Чуңкурчак көчү-2017" фестивалы өткөрүлдү.

Фестивалдын жүрүшүндө тоо таянып жашаган кыргыз элинин көчмөн жашоосу чагылдырылды.

Салтанаттын жүрүшүндө Чуңкурчак жайлоосуна боз үйлөр тигилип коломтого от жагылды. Мындан сырткары жаштардын көңүл ачуусу үчүн селкинчек орнотулду. Айыл тургундары көчмөн жашоону даңазалап кыр ашып келип көчтү жайгаштырышты. Мында келген көрүүчүлөр кыргыз элинин көчмөн жашоосуна таасирленгенин айтышууда.

"Бабалардын тоо коюнунда жашаган жашоосу мени абдан кызыктырды. Биз ал күндөрдү эч качан унутпай ушундай иш-чаралар менен кылымга сакташыбыз керек. Кыргыздын каада-салты кылымдар бою жашай берерине ишенем", - дейт улуу көчтүн катышуучусу Алтынбек Дөөлөтбаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bosmos777
2017-06-17 12:03:56
Эн соонун! Антпесек диндешип, алардын создору менен айтканда (ширктешип) бара жатабыз! Ушундай маданий каада салтты чагылдырган иш чара,ийри доолборлорду кобойтуу керек! Алга Кыргыз! Манас атабыз колдосун!
0
Shekeev969798
2017-06-17 14:19:42
bosmos777, туура азыр кобу эле суннотко шылтап озунун каадасын четке суруп салышты чала молдолор
-1
ABDulHai
2017-06-17 18:12:15
bosmos777, Манас ата колдой албайт антип ширк келтирбе эң чоң күнөө ширк болот Аллаh аны кечирбейт.
0
Liebe91
2017-06-17 17:07:49
Эх чиркин кыргызымдын тоолорунан! Соз жеткис го. Жеримдин жытын, таза абасын сагындым!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан