Саламаттыкты сактоо министри калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу чаралары тууралуу президентке айтып берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июнда өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу, анын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, тактап айтканда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу диализдик кызматтын калкка жеткиликтүү болушун камсыз кылуу туурасында маалымат берилди.

Талантбек Батыралиев Президентке ошону менен бирге өлкөдө жаңы медициналык мекемелердин курулуштарынын жүрүшү, ооруканаларды куруу, ремонттоо жана модернизациялоо боюнча мындан аркы пландары жөнүндө айтып берди.

Президент саламаттыкты сактоо тармагында реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин баса белгилеп, медициналык жардам берүү системин мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан