14-май күнү Ысык-Ата РИИБине Кант шаарынын 51 жаштагы Татьяна С. аттуу тургуну кайрылып, өз арызында бейтааныш адам үйүнө жарылуучу затты ыргытып жибергенин кабарлаган. Мындан улам милиция кызматкерлери арыздануучунун үйүнө барышканда ТР-384К үлгүсүндөгү жарылуучу затты табышкан. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, затты ыргыткан адам изделип жатканы айтылат.