Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда көчмөн кыргыз элинин жашоосун көрсөткөн маданий иш-чара өттү. Анын жүрүшүндө жоолук таштамай, күрөш, таяк тартыш, кыз-жигит сармерден оюндары болду.
Мындан сырткары көк бөрү, эр эңиш, "Манас" айтуу, жүк жыймай, чач өрмөй, топ таш, элечек ороо жана бээ сааган келин кыздардын жарышы уюштурулду.
Катышуучуларга боорсок, калама, чөбөгө, быштак, чучук тартуу кылынды.