Москвадагы Кыргыздар жарамазан айтып, чогулган каражатты муктаж болгондорго беришти

Москвада жашап, иштеп жаткан Кыргыз жарандары кайрымдуулук жарамазанын уюштурушту. Алар чогулган каражатты муктаж болгондорго берип жатышат. Уюштуруучулардын бири Зулпидин Нурматов күтүүсүз барган жарамазанчыларды эл кубануу менен тосуп алганын айтат.

Маалым болгондой, жарамазан айтуу сунушу алгач интернет колдонуучулары арасында талкууланып, андан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшала турган болгон.
"Жарамазан айтып негизинен Кыргыздар иштеткен ишканаларга барып жатабыз. Өзбек чайханаларында кардарлардын көпчүлүгү кыргыздар болгону үчүн ал жакка да бардык. Алардын ичинен 15 жылдан бери уга элек элем деп биздин катарга кошулгандар да болду. Эки жолу жарамазан айтып, биринчи күнү 55 500 рубль, экинчи күнү 46 800 рубль чогулду", - дейт Нурматов.
Кыргыз жарандары жарамазан айтып чогулткан акчанын жарымын омурткасы бир жакка кыйшайып кеткен Илиязбек Сатаровго, экинчи жарымын баш мээсине операция жасалып, көзү көрбөй калган 8 жашар кыздын дарылануусуна беришкени белгилүү болду.
Нурматов буга чейин ыктыярдуу жарандар чогулуп Кыргыз мигранттарына жардам көрсөтүп келишкендиктен аларга кайрылуу көп болорун кошумчалады.
"Москвада жакындары жок каза болгон мекендештер болуп калат. "Жүк-200дү" жөнөтүү керек болгондо элден акча чогултуп жардам беребиз. Орусиядагы Кыргыз элчилигине ишенбегендер көп. Алар бизге кайрылышат. Ошолордун ичинен тандап, өтө муктаждарына чогулган каражатты бөлүп бердик", - деди Зулпидин Нурматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
raykray
2017-06-17 21:12:04
ишине ийгилик каалайм!!! жакшы иштерди уйуштуруп атат,Аллах раазы болсун
+14
meni_kut
2017-06-17 22:06:15
Аллах ыраазы болсун.
+11
barakcha
2017-06-17 22:21:20
Кандай соонун жанылык.2кундо 100мин сом чогулса...Аллах силерди колдосун!Ушундай адамдар коп болсун.Негизи эле жардамга колун сунгандар чет жакта иштеп жургон мигранттар.Андыктан,ден соолукта болгула!
+14
Ulan2601
2017-06-17 23:03:10
Кубок конфедерация жонундо жазгыла супер инфо
-3
grace
2017-06-17 23:06:38
Элден айланса болот,.
+7
AzKumFerDan
2017-06-18 02:16:17
Салтындан кагылайын Кыргызым
+12
Kanzada97
2017-06-18 05:16:16
Ма шаа Аллах!
+5
Ramina-malina
2017-06-18 10:20:58
Ыйлагым келди... ушундай мееримдуу мекендештерим коп болсун!Эки дуйно бактылуу болгула!!!
+2
toktor89
2017-06-18 13:27:01
МаШаАллах. Баарына куч кубат ишинерге ийгилик.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан