Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Аскат Алиев Орусиянын чек арасында кармалган Аида Абдыкарыеванын иши боюнча SUPER.KG берген суроолорго кыскача жооп берди.
Ал бул маалымат менен SUPER.KG аркылуу таанышып, Аида Абдыкарыева боюнча маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине жибергенин айтты.
“Биз тергөө иштерине кийлигишкенге мыйзамдык укугубуз жок, элчиликке маалымат жөнөтүп койдум”, - деди Алиев.
Ал эми "Орусиянын мыйзамдары боюнча Аида Абдыкарыевага кандай чара көрүлүшү мүмкүн? Мындай шартта чет өлкөдө, бөтөн адамдардын колунда калган анын 4 жашы жете элек кыздарына кандай кепилдиктер каралган?" деген суроолорду ИИМдин өкүлү жоопсуз калтырды.
Эске сала кетсек, Екатеринбург шаарынан Бишкекке келе жаткан 4 кыздуу жалгыз бой келин Аида Абдыкарыеваны орусиялык чек арачылар 16-июнда кармашканы айтылган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматы бул боюнча мыйзамдуу аракеттер дүйшөмбүдөн тартып көрүлөрүн билдирген.