Орусияда кармалган 4 балалуу жалгыз бой келин коё берилип, бүгүн Кыргыз өлкөсүнө келди. 16-июнь күнү орус чек арачылары тарабынан кармалган Аида Абдыкарыева бүгүн, 19-июнда эртең менен мекенине кирип келгенин SUPER.KG`ге өзү билдирди.
Анын айтымында, чек арачылар Абдыкарыеванын ишин сотко жиберип, 17-июнь күнү сот ага 2000 рубль өлчөмүндө административдик айып салып бошоткон. Бирок чек арачылар аны бир жылга чейин Орусиянын аймагына кире албашын айтышкан.
"Чек арачылар мени депортация кылуу үчүн бүт иш кагаздарын даярдап коюшкан экен. Бирок сот үй-бүлөлүк шартымды эске алып, 2 миӊ рубль административдик айып салып бошотту. Эми Орусия аймагында калган 4 кызыма кантип барам деп кабатыр болуп жатам. Кайра барамбы, жокпу, ушул жактан жардам бере турган адамдар болсо жакшы болмок. Чынында айып пулду да 10 күндүн ичинде төлөш керек экен. Аны төлөй албай айлам кетүүдө", - дейт Аида Абдыкарыева.
Мекендешибиз учурда турмуштун оор сыноолорун башынан өткөрүп жатканын, кыштын оор күндөрүндө 4 кызы менен таштап кеткен күйөөсүнүн үстүнөн арыз менен сотко кайрылуу боюнча да ойлонуп жатканын айтат:
"Жолдошум январь айынан бери үй-бүлөсүн кароосуз таштап койду. Азыр сотко кайрылсамбы деп ойлоп жатам. Чет жерде 4 жаш баланы карап иштөө абдан оор. Чек арачылар кармаган учурда да алгач эле бирөөнүн колунда убактылуу калган кыздарымды ойлоп, абдан кыйналдым".
Эске салсак, Екатеринбург шаарынан Бишкекке келе жаткан 4 кыздуу жалгыз бой келин Аида Абдыкарыеваны орусиялык чек арачылар 16-июнда кармашканы айтылган.
Ал кыздарын Екатеринбургдагы таанышына убактылуу калтырып, паспортун алмаштыруу үчүн келе жаткан. Бирок аны башка бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылды деген негизде кармашкан.