Америкалык белгилүү жылдыздар Бейонсе менен Жей Зи эгиз наристелүү болду

Америкалык белгилүү жылдыздар Бейонсе менен Жей Зи эгиз наристелүү болду. Бул тууралуу маалыматты кечээ, 18-июнда "People басылмасы тастыктады. Бирок наристелер кайсы күнү, саат канчада, канча килограмм салмакта жана уул же кыз төрөлгөнү тууралуу жылдыздар так маалымат беришкен эмес.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын февраль айында Бейонсенин кош бойлуу экени чет элдик басылмалардын башкы жаңылыгына айланып, анын кош бойлуу сүрөтү интернетте "жакты" белгисин топтоо боюнча рекорд жараткан.

Ал эми эгиз наристелүү болору маалымдалган соң алардын жашоосуна коомчулуктун кызыгуусу күндөн-күнгө арткан. Өткөн жумада жакын арада эгиздерди жарык дүйнөгө алып келүүгө даярданып жаткан ырчы төрөт үйүнөн корккондугу үчүн өз үйүндө көз жара турганы жана төрөткө кызы Блу Айви катышары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ainuska00
2017-06-19 07:51:05
Омурлуу болушсун
+1
ekaterinburg
2017-06-19 08:10:58
Болсун болсун...
+1
Batma08
2017-06-19 09:03:47
Кандай жакшы кабар суйунуп кеттим кудай уй булоосун жамандыктардан сактасын
+1
dirol
2017-06-19 10:19:47
Бли Айвиге торотто не бар???
0
Nevestkaa
2017-06-19 11:21:21
Акыры төрөдүбү качантан бери ушул тема го.Эми уул же кыз деп дагы бир тема мн чыгат.
0
Djal1987
2017-06-19 13:47:57
Голивуддагылардын баары эле эгиз тороп алышат эмне эко кылышабы?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан