ЖЫЛНААМА, 19-ИЮНЬ: Ырчы Таалай Бектурганов көзү тирүү болгондо 49 жашка толмок

Бүгүн, 19-июнда бир топ ырлары менен эл оозунда калган ырчы Таалай Бектурганов көзү тирүү болгондо 49 жашка толмок.

"Назира", "Эмне мынча сүйөм сени?", "Таарынба" жана башка көптөгөн популярдуу чыгармалардын автору Таалай Бектурганов Чаткал районунун Ак-Таш кыштагында 1968-жылы туулган. Үй-бүлөдө он бир туугандын сегизинчиси болгон. Мектепте абдан жакшы окуган, айрыкча спортко болгон кызыгуусу күч болуп, сууда мыкты сүзгөн. 7-8-класстарда атасынан комуз черткенди үйрөнүп, мектептеги иш-чараларда ырдап жүргөн. 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырган. Таалай Бектурганов 1995-жылы сырдуу өлүмү менен кырчындай 27 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

19-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
byityska
2017-06-19 10:21:14
Кандай гана таланттын ээси.
+2
Kroxa
2017-06-19 10:58:05
Гитара менен ырдаганы кулкка синип калган Таалайдын ырлары менен мектепти аяктадык эле..жакшы кишинин омуру кыска болот...
+1
nur_zhoni
2017-06-19 13:35:14
Чон белгилуу ырчы олтургузгон дейтго таалай бектургановду
0
asan.toluktuk
2017-06-19 15:40:05
сырдуу олум жонундо так билгендер болсо жазып койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан