Араван районунда дарыянын жээгинен мыйзамсыз шагыл алып жаткан ишкерге 18 миң сом айып салынды

Ош облусунун Араван районунун Араван-Сай дарыясынын жээгинен кум, шагылдарды мыйзамсыз алып жаткан ишкерге айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкер 14 оор жүк ташуучу унаа менен кум алып жаткан жеринен кармалган. Мыйзамсыз кум, шагыл казуунун кесепетинен жергиликтүү тургундар көптөн бери жабыркап келишкен.

"Кум, шагылдарды алууда дарыянын нугу бурулуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, эгин талааларды суу каптап жашоочуларга зыяны тийип келген. Майда бак-дарактар түбү менен жулунуп, экологиялык коркунучтарды жараткан. Инспекторлор тарабынан мыйзамсыз иштер токтотулуп, ишкерге 18 миң сом айып салынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан