Лондондогу салттуу жүрүштө 5 аскер эсин жоготуп жыгылды

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин туулган күнүнө карата Лондондо өтүп жаткан салттуу жүрүш учурунда 5 гвардиячы эсин жоготуп жыгылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

Анда белгиленгендей, аскерлерге парадда жүндөн тигилген кивер кийгизилген. Бул учурда аба ырайы 25 градус ысык болуп турган.

"Күн абдан ысык болду, эсин жоготуп жыгылган аскерлерди жүрүштөн алып кетишти, аларды дарыгерлер текшерип суу берип жатышты", - деп жазылат маалыматта күбөлөргө таянып.

Эсин жоготуп жыгылган аскерлердин бири видеого тартылып алынган. Өткөн жылкы салттуу жүрүштө да бир гвардиячы ушундай абалга кабылган.

Лондондогу парадда 5 гвардиячы эс учун жоготту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shekeev969798
2017-06-19 10:05:09
Буларды ааа десен чочуп жыгылатко кичине текшерип алат да армияга,
+2
meni_kut
2017-06-19 10:11:22
ачка копко даярдануусу мумкун.
+5
Ibragim.osh2016
2017-06-19 10:38:19
Орозо кармаган окшойт))
+1
Shekeev969798
2017-06-19 10:39:46
Ibragim.osh2016, орозо кармаганда жыгылбайт! Ден соодугу соо эмес мунун
+3
Zinazima
2017-06-19 16:14:34
Формасын алмаштырбайбы женилирээк формага
0
barsa30
2017-06-19 16:45:19
Бул эми дүйнөгө пиар болсо керекда кантип куласын көп жыл кызмат кылган солдат.Же булар контрактниктер да алы жок только акчага служба кылгандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан