18-июнда Франция парламентинин төмөнкү палатасына болгон шайлоонун экинчи айлампасында өлкө башчысы Эммануэл Макрондун талапкерлери көпчүлүк мандатка ээ болду.
Ички иштер министрлигинин соңку маалыматтарына ылайык, президенттин "Алга, республика" кыймылы парламенттеги 577 орундан 308 орун, ага союздаш болуп чыккан "Демократиялык кыймыл" 42 орун алды. Экинчи орунду камсыздаган "республикачылар" партиясы өз өнөктөштөрү менен бирге 137 мандат алмакчы. Ал эми Социалисттик партия 29, "Багынбас Франция" жана анын өнөктөш партиялары 27, “Улуттук фронт” 8 мандат алат.
Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 42,6 пайызы катышып, Франция үчүн эң төмөнкү көрсөткүч болду.
Франциянын мыйзамдарына ылайык, Улуттук ассамблеяга шайлоо эки турдан тургандыктан биринчи тур 11-июнда өткөн.