Өзгөн күрүчү өткөн жылга караганда көп айдалды

Өзгөн районунда бул жылы 2 миң 870 гектар аянтка күрүч айдалды. Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришкендей, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 621 гектарга, 2015-жылга караганда 1569 гектарга көп айдалгандыгын билдирет.

"Учурда айдоо иштери толук аяктады. Быйылкы жылдагы табият кырсыктарынын кесепетинен күрүч айдалган аянттарына да зыян келди. Эгин талааларына ылай суу кирип, дыйкандар аны тазалоодо бир топ кошумча чыгымдарга учурады. Бул жылы шалы талаалары кеч айдалганы менен, акыркы күндөрдөгү аба ырайынын катуу ысышы жагымдуу шарттарды жаратты. Бул аймакта өзгөн күрүчүнүн чемпион, ак урук, кара кылкандуу жана башка сорттору өстүрүлөт", - деп айтылат башкармалыктын маалыматында.

Анда белгиленгендей, азыркы учурда эрте эгилген аянттарда отоо иштери кызуу жүрүп жатат. Ал эми суу маселесинде азырынча көйгөй жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samina007
2017-06-19 14:37:13
Ооо анда девзирадан аш дамдап жеп калаткенбизда:))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан