Америкалык белгилүү ырчы Кэти Перри чач жасалгасын алмаштыруу жана аны ачык түстөргө боёо боюнча эксперимент жасоо жагынан алдына киши салдырбайт. Буга чейин эл алдына сыя, күлгүн түстөргө боёлгон чач жана кийме чачтар менен чыгып, ар түрдүү сын-пикирлерге туш болгон. Ал эми 2017-жылдын башында кара түстөгү чачын сары түскө боёсо, мурунку сүйгөнү Орландо Блум менен эки ажырым жолго түшкөн соң узун чачын кыска кырктырып, көпчүлүктү таң калтырды.
Ырчы мунун себебин үй-бүлөсү менен алкоголдук ичимдиктерден баш тартып, топтук терапия өтүп жаткандыгы менен байланыштырган. "Мен ички жан дүйнөмдү тазалоо менен бирге сырткы келбетимди да өзгөртүүнү туура көрдүм. Азыр өзүмдү эркин сезип, эч нерседен коркпой калдым. Мурунку кезимди жакшы көрөм, бирок азыркы Кэти жакшыраак", - дейт ырчы өзгөрүүсү тууралуу.
Ошондой эле ал интернеттеги социалдык тармактардын да активдүү колдонуучусу. Жакында эле ал интернеттеги өздүк баракчасында 96 саат түз эфирде отуруп, 100 миллион көрүүчү топтогон. Аталган тармактын тарыхында биринчи жолу катталган бул рекордду тартуу үчүн 41 видеокамера колдонулган.