Трансформациялоого сунушталган жерлердин санын өкмөт аныктай турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда парламенттин тармактык комитетинде "Кыргызстан" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков сунуштады.
Ал сугат жерлерди трансформациялоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү болгон. Депутат жерлерди аныктоо үчүн өкмөт аталган комиссиянын маалыматтарын колдонушу керек экенин айтты. Жыйынтыгында депутаттар сунушту колдошту.
15-июнда мыйзам долбоору парламенттик жыйында каралып жатканда комиссия менен өкмөттүн маалыматы эки башка болуп чыгып, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жөнөтүлгөн. Өкмөт комиссиянын тизмесинде 2009-жылдан кийинки салынган үйлөр кирип калганын айткан.
Эске салсак, буга чейин мыйзам долбоору 1-окууда жактырылган.