Ошто Патрулдук милициянын кызматкери сүзүп кеткен 12 жаштагы кыздын абалы турукташып, үйүнө чыгарылды

Ош-Исфана унаа жолунда Патрулдук милициянын кызматкери сүзүп кеткен 12 жашар кыздын алган жаракаты боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кийинки жумада чыгат. Андан соң гана иш каралып баштайт. Ал эми өспүрүм кызды сүзүп кеткен милиция кызматкери учурда өз кызматында иштеп жатат", - деп билдирди Ош ОИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев.

Ош облустук балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Калдар Айбашовго байланышканыбызда, ал унаа кырсыгына кабылып, буту сынган абалда бейтапканага жаткырылган өспүрүм кыздын абалы турукташып, үйүнө чыгарылганын айтты.

Эске салсак, буга чейин 31-май күнү Ош ОИИБинин Патрулдук милиция кызматкери өспүрүм кызды сүзүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан