Бүгүн, 19-июнда Ак Үйдүн алдына уруксат кагазы жок курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу талабы менен 100дөн ашык адам митингге чыкты. Алар Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде бул маселе улам жылдырылып каралбай келе жатат деп нааразы.
Маалыматтарга караганда, учурда Кыргыз өлкөсү боюнча 46 миң үй-бүлөнүн жашап жаткан үйлөрүнүн тийиштүү документтери жок. Мындан улам жарандар шайлоо, социалдык коргоо, мамлекеттик камсыздоо укуктарынан ажырап келет.
"3 жылдан бери биздин маселе чечилбей келет. Өткөн жылы депутаттар 11-майда биздин маселени биринчи окуудан өткөргөн. Ошондон бери бүгүн, эртеӊ деп жатып ушул күнгө келдик. Өкмөт тарабынан комиссия түзүлгөн. Анын курамына 6 депутат ар бир фракциядан кирген. Депутаттар бул маселени комитетке алып келсе түрдүү шылтоолор менен 6 депутаттын кол койгон документтерин жокко чыгарып жатышат. Бул жерде ушул маселенин мыйзам чегинде чечилишин күтүп, талап кылып жатабыз. Анткени бүгүн комитетте каралып жатат. 46 миң үй-бүлөдөн жок эле дегенде эки адамдан эсептегенде 100 миңге жакын адам тизмеге кире албайт, шайлоого да катыша албай калып жатат", - деди элдик трансформация комитетинин координатору Темирбек Жакыпбеков.