Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Орусияга жөнөп кетти

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июнда мамлекеттик сапар менен Орусияга жөнөп кетти. Сапардын алкагында Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин, өкмөттүн төрагасы Дмитрий Медведев, ошондой эле Башкортостандын башчысы Рустэм Хамитов жана Татарстандын өлкө башчысы Рустам Минниханов менен жолугушат.

Президенттин сапарынын алкагында Кыргыз мамлекетинин Орусияда маданият күндөрү өткөрүлөт. Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлушу ыктымалдыгын президенттик аппараттан кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан