SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кантип көрө албастыктан кутулса болот?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы автордун билдирүүсү: "Акыркы күндөрү мен эч кимди көрө албай, алардын бактысына кызыгып, мен да ошолордой болууну каалап калдым. Айрыкча, эң жакын курбумду такыр көрө албайм, бирок ага билгизбейм. Анын жашоосунда жакшы жаңылык болсо ошол жаңылыктарын угуп жан дүйнөмдө кандайдыр бир нерсе болуп кетет. Кудайга шүгүр, өң десе өңүм бар, бой десе боюм, ата-энем бар, алар мени каалагандай кийинтип-ичиришет. А курбумдун өгөй атасы бар, өзү 1 жылда бир-эки жолу эле жаңы кийимдерди сатып алат. Ошого ыраазы болуп жашайт, эч ким менен иши жок. Менин жакшы жаңылыктарыма чын жүрөктөн кубанат. Кубанганын көрүп "эмнеге, мен ага душман болгонсуп, аны көрө албайм" деп өзүмдү өзүм жек көрүп кетем. Ушундай ичи тар адаммын. Ушунун баарын ойлосом жашагым келбей кетет. Кантип ушул сапатымдан арылсам болот? Жардам бериңиздерчи. Суранам мени каргап, негативдүү билдирүүлөрдү жазбагылачы. Ансыз деле жаман болуп турам".
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кутула албайсың ишенип кой, бул сага адат болуп калган.
"Албетте, арылсаңыз болот. Кантип өз мүнөзүн билген, моюнуна алган адам өзгөрүлө албасын? Колуңуздан баары келет, жалаң гана жакшы нерселерди ойлоңуз, тээ таң аткандан күн батканча эч кайгы-капа, текеберчилик, көрө албастык жөнүндө ойлонбоңуз".
"Баарына шүгүр кылып, напсини тыйганды үйрөнүш керек. Адатта ичи тар ачкөздөр бирөөнүн ийгилигине да ичи күйөт. Кээ бир үй-бүлөдө керек болсо бир туугандар бири-бирин көрө алышпайт экен. Мындай адамдар намаз окуп, Кудайды эстемейинче адаттан кутула алышпайт".
"Чоюлчаак резинка аласыз да, колуңузга тагасыз. Көрө албастыкпы же башкабы, айтор, жаман ойлор мээни ээлеп баштаганда эле жанагы резинканы чоюп туруп коюп жибересиз. Ошо".
"Көрбөйүн десең деле көрө албайт экенбиз да. Кошунам сонун "сеновал" салып жатат. Карабайын десем деле кайра эле ошол жакты карайм. Бир болсо аны көрө албай жатам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.