Жыл сайын дүйнөдө белгиленчү Аталар күнү быйыл 18-июнда белгиленди.
Бул күндүн урматына "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы ЮНИСЕФ менен биргеликте #СуперАта сынагын жарыялаган. Аталган иш-чаранын максаты – аталардын балдарды тарбиялоодогу өзгөчө ордун, алардын сүйүүсүн, бала төрөлгөндөн тарта атанын колдоосу зор мааниге ээ экенин белгилөө.
Эл арасында супер аталар толтура! Алар жумуш, үй-бүлө багуу менен катар балдарынын турмушуна да активдүү катышат. Алар балдарын жуунтушат, тамактандырышат, чогуу ойношот, уктатышат. Дал ошондой супер аталардын балдары менен түшкөн кызыктуу сүрөт-баяндарына сынак жарыяланып, арасынан кызыктуулары добуш берүүгө 16-июнда коюлду. Ал эми бүгүн, 19-июнда саат 18:00дө добуш берүү токтотулду.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында ким #СуперАта наамына ат салышууда көп добушка ээ болгонун бул жерден көрүӊүз.