Советтик эстрада ырчысы Майя Кристалинская 1985-жылы 53 жашында оорудан улам Москвада каза болгон.
Ал 29 жашында жүлүн бездеринин шишик оорусу менен жабыркап дарыланып турган. Кийинчерээк химиотерапиядан калган күйүктөрдү жашыруу үчүн чачын өрүп, моюнун жаап жүрүүгө аргасыз болгон. 1984-жылдан тарта оорусу күчөп, 1 жыл өткөн соӊ бул дүйнө менен коштошкон.
Майя Кристалинская 1932-жылы 24-февралда жарык дүйнөгө келген. 1960-жылдан тарта чыгармачылыкка катуу киришип, көпчүлүктүн жүрөгүндө "Кар жаады", "Илегилек", "Эки жээк", "Балалык алыстап кетти", "Турналар", "Назиктик" сыяктуу белгилүү ырлардын автору катары калган.
19-июндун жылнаамасы.