КҮНСЕРЕП: Төрөбаев шайлоодо эл добушун сатпайт деп ишенет

Бүгүн, 19-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

15-июнда башталган президенттикке көрсөтүү шарапаты өз каармандарын көпкө күттүргөн жок. Эртеси эле, 16-июнда Н.Нышанов биринчилерден болуп Боршайкомго президенттикке өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен кайрылды. Коомдо саясий салмагы жарытпаган, бирок бюллетендин узундугун узарткандан башкасы менен эсте калбаган бул сыяктуу талапкерлерден дагы ондоп чыгарын күтүүгө болот. Ал буга чейинки 2005-2009-2011-жылдардагы президенттик шайлоолордо да өз талапкерлигин көрсөткөн болчу.

18-июнь күнү учурда камакта кармалып, соттук отурумдары башталган Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев дагы өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде президенттикке талапкерлигин коймокчу болуп жаткандыгын БШКга билдирди. Партиянын атынан көрсөтүлбөгөнүн тарапташтары “Ата Мекен” менен чектелбей, Текебаевди улуттук масштабдагы лидер катары көрсөтүү каалоосунан улам келип чыккандыгын айтышты. Анын талапкер болуп катталуусу соттук отурумдардан, тагыраагы соттун чечиминен көз каранды болот. Эске салсак, башкы “ата мекенчи” биринчи ирет 1995-жылы президенттик шайлоого ат салышкан, бирок каттоодон өтпөй калган. Ал эми экинчи жолку 2000-жылдагы жарышта Аскар Акаевден кийинки орунду алып, 14 пайыздын тегерегиндеги добушка ээ болгон эле. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо да Текебаев талапкерлигин көрсөткөн. Бирок кийин жарышка катышуудан баш тартып, бул кадамын ал демократиялык реформаларды колдогон талапкерлердин ортосунда добуштар чачыранды болбосун деп түшүндүргөн. Иш жүзүндө башкы “ата мекенчинин” баш тартуусу Алмазбек Атамбаевдин бир тур менен президент болуп шайлануусуна чоң колдоо болду деп бааланган. Алдамчылык жана коррупция беренеси боюнча айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев февраль айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Анын жактоочулары депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча улам бир жогорку инстанцияга кайрылып отуруп, 16-июнь күнү Жогорку Сот адвокаттардын даттануусун кароосуз калтырды.

Бүгүн, 19-июнь күнү “Ак Шумкар” курултай өткөрүп, анын делегаттары бир добуштан лидери Темир Сариевди президенттикке талапкер кылып көрсөттү. Филармонияга жыйыла топтолгон бул курултайдан кайсы бир атаандашы ашып түшкүсү келсе, алар жакын арада Спорт Ордосун же анын жанында жайгашкан стадионду ижарага алат болушу керек. Курултайга чейин интернетте торттун сүрөтү азил-тамашасы көбүрөөк талкууга жем таштады. Эки күн мурун, 17-июнда Сариев 54 жашка толду. Туулган күнүнө карата даярдалган тортко “Туулган күнүңүз менен, Президент мырза!” деп англисче жазылып, эң кызыктуусу башкы “ак шумкарчынын” сөлөкөтү түшүрүлгөн фигурага инаугурациядагы президенттин белгиси тагылып турганы болду. Курултайга айтылуу үчилтиктин эки лидери болгон Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев катышып, муну менен аталган саясатчылар саясий маданияттуулугун, зарыл учурда Сариев менен кызматташууга бара алышарын көрсөтүштү. Үчүнчүсү болгон Адахан Мадумаров көрүнгөн жок. Сөз алган Ташиев “өсөр элге бир башчы, миң баатыр болот, өспөс элге миң башчы, бир баатыр болот” деген макалды эске салып, азыркы тапта Кыргыз көп баатырга, бирок бир лидерге муктаж болуп турганын айтты. Темир Сариев биринчи жолу президенттик шайлоого 2009-жылы катышып, 6,5 пайыздык добуш менен менен 3-орунду алган. Ал эми 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо партиясы менен Жогорку Кеңешке өтпөй калган. Президенттикке көрсөтүү 15-августка чейин уланат. 2011-жылы Боршайкомго 83 талапкер ажо болуу дымагын билдирген болчу. Акыркы 6 жылдын жеңиши - бул быйылкы жылы өтүүчү президенттик шайлоону ким утары белгисиздигинде. Айтор, бул жай мезгили эки эсе ысык болгону турат, ал эми “жөжөнү болсо, күзүндө санайбыз”...

Жогорку Кеӊештин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев SUPER.KG порталынын түз эфиринде болду. Депутат парламенттин азыркы дареметине канааттанбай турганын, төрага баш болуп көпчүлүк эл өкүлдөрү бир кишинин көзүн карап калганын моюнга алды. "Чындыкты айткан он чакты эле депутат бар, калгандары жеке кызыкчылыктары менен жүрүшөт" деген Төрөбаев жаш депутаттарга бийликтин кысым көрсөтүүсү, эски-жаӊы жоруктарын эскертип белги кылып турушу кадимки көрүнүш деп эсептейт. Өкмөттүн алсыздыгын, иштей албай жатканын айтып сындап жүргөн Төрөбаевдин фракциясындагы депутаттардын жарымынан көбү ушул жылдын апрель айында өкмөттүн жылдык отчётун колдоп добуш беришкен. Дал ушул жагдайды фракция лидери депутаттарга жогору жактан жасалган үстөмдүк менен түшүндүрдү. "Фракцияда минтебиз деп чечим кабыл алабыз, а бирок жыйында ар бир депутатты көзөмөлдөй албайт экенсиӊ. Жаш депутаттарга басым көрсөтүп добуш бердиртип коюшат. Бул депутаттар кийинки шайлоодо биздин командада болбойт", - дейт. Кызыгы, саясатка бизнестен келген Төрөбаев кийинки парламентке бизнесмендер келбеши керек деп эсептейт. Өзү эле эмес, азыркы фракциясындагы депутаттардын бир тобу капчыктуулар экени жашыруун эмес. Мамлекеттик башкаруудан кабары бар, такшалган адистер гана Жогорку Кеӊешке өтсө парламенттин кадыр-баркы көтөрүлөрүн айтууда. Ишкерлер эки топко бөлүнөрүн айткан Төрөбаев өзүн мамлекетти талап-тонобогон өндүрүшчү бизнесмен катары көрөт.

Оппозициялык фракция деп саналган "Өнүгүү-Прогресстин" лидери президент Алмазбек Атамбаевдин жалпыга маалымдоо каражаттарын, журналисттерди сотко берүүсүнө карата көз карашын айтуудан карманды. Жакында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов депутат Өмүрбек Текебаевге жана башка депутаттарга ачылган кылмыш иштеринен кеӊири кабардар эмес экенин айткан эле. Өмүркуловду туурап Төрөбаев да бүгүн президенттин ЖМКларды сотко берүүсүнөн кабары жоктугун айтып кутулду. Президенттик шайлоого аз калганда ажыдаардын куйругун басып алуудан сактанып жаткансыйт. Мадумаров өӊдүү саясатчылардан айырмаланып Төрөбаев шайлоодо эл сатылбайт, адилет тандоо жүргүзөт деп ишенет. Бул реалдуулукка эмес, жарыштын алдындагы элге жакшы көрүнүү аракетине окшошуп калды. Анткени Кыргызда акча ресурсун шайлоодогу негизги куралдардын катарынан азырынча эч ким чыгара элек. Президенттик же парламенттик шайлоо түгүл жергиликтүү шайлоолордо акча маанилүү ролду ээлегени шайлоодон кийин такай айтылып, сындалып жүрөт. Бул илдетти коом өзү жеӊбесе, Төрөбаев же башкасы жеӊиши кыйын...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан