Ак-Талаа районундагы Нарын дарыясынан өткөн көпүрө мындан 50 жыл мурун курулган. Ал райондун борбору менен Ак-Кыя, Куртка, Тоголок Молдо, Жогорку Май айылдарын байланыштырчу. "Акталчат-Казарман унаа жолундагы бул көпүрөнүн таяныч түркүкчөсү чөгүп, кооптуу абал жаралды. Буга байланыштуу көпүрөнүн эки жагы жабылып, каттам токтотулду", - деп маалымдады бүгүн, 19-июнда SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин Патрулдук милициясынын башчысынын орун басары Тилек Оторов.
“Көпүрөнүн кооптуу абалда тургандыгын эске алып, жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн облустук тиешелүү мекемелердин 9 мүчөсүнөн турган комиссия унаа жолдун эки тарабынан жабуу чечимин кабыл алдык. Учурда ПМ кызматкерлери көпүрөнүн эки башынан көз салып турушат. Ошондой эле жолдун эки тарабынан тең айдоочулар өтпөшү үчүн тосмолор коюлуп, шагыл-таштар төгүлүп жол толугу менен жабылды. Жүргүнчүлөр өз өмүрүн тобокелге салбастан, айланып өтүүчү Он-Арча-Жаңы-Талап, Баетов-Макмал унаа жолу аркылуу каттоосун сунуштайбыз”, - деди Оторов.
Ал эми жергиликтүүлөр жогорудагы унаа жолдор эски, таштак болгондуктан бир топ кыйынчылыктар жараларын айтышат. Куртка айылынын тургуну Марлес Апиловдун айтымында, акыркы эки апта аралыгында көпүрөнүн эки тирөөчү чөгүп, ошол жери 50 сантиметрдей ылдыйлап кеткен.
"Жергиликтүүлөр үчүн жолдун жабылгандыгы бир топ түйшүк жаратты. 1967-жылы курулган көпүрө 1981-жылы оңдоодон өткөн экен. Андан бери деле 35 жыл болду. Анын узундугу 141 метр. Тиешелүү тараптар көпүрөнү мүмкүн болушунча эрте калыбына келтирбесе ак-талаалыктарды жол түйшүгү жүдөтөт. Биздин аймакта эми гана күн жылып, талаа иштери жүрө баштаганда бул абал иштин солгундоосуна алып келет", - дейт Апилов.