Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчиси Аскар Бешимов кызматынан бошотулду

Аскар Бешимов Кыргыздын Түштүк Кореядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнөн билдиришти.

2016-жылдын августунда Малайзияда элчи болуп турган учурда милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Аскар Бешимовго сөгүш жарыялаган эле.

Аскар Бешимов Кыргыздын Түштүк Кореядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2016-жылдын январында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан