Ысык-Көлдүн Ананьево айылында болгон жарылуудан жабыркагандарга кан керек болууда

Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы газ баллондордун жарылуусунан жабыркаган 5 адамга кан куюу керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталына Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

"Кырсыктан жабыркагандардын ичинен 5 адам Чолпон-Ата шаарындагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 2 адам жалпы палатада дарыланууда. Жандандыруу бөлүмүндө жаткандарга тез аранын ичинде кан куюу зарыл. Бул боюнча дарыгерлер менен макулдашып, түндө донор болуучуларга кабарладык. Кайдыгер эмес адамдар байланышууга чыкты. Бүгүн эртең мененки саат 8:00дөн баштап ыктыярчылар кан тапшыра башташты", - деп билдирди Кожоев.

Маалыматка ылайык, жарылуудан улам 2 адамдын өмүрү кыйылып, 7 адам жабыркаган.

Эске салсак, кечээ, 19-июнда окурман "Ананьево айылында жүк ташыган унаа жана май куюучу жай өрттөнүп жатат" деп кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан