Бишкек шаарынан "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун лидерлеринин бири колго түштү. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 7-май күнү шаар тургундарын атайын текшерүү иш-чарасынын жүрүшүндө 1976-жылы туулган М.Н. аттуу жарандан китептер жана дисктер табылган. Мындан сырткары бул адам аталган уюмдун лидерлеринин бири экендиги белгилүү болду. УКМКнын тергөө кызматы кармалган адамга карата Кылмыш кодексинин 299-беренесинин 1-2-бөлүмдөрү боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.