9-июнда "Муз ТВ" сыйлык тапшыруу аземинде украиналык белгилүү ырчы Ани Лорак жолдошу Мурат Налчажиоглу менен кызыл килемден өтүп бара жатканда белгисиз бирөө чуркап келип, ырчыны бутунан өйдө өпкүлөп качып кеткен эле. Анын өздүгү аныкталып, ал 29 жаштагы журналист Дмитрий Торин экени белгилүү болду. Торин Орусиядагы басылмалардын биринде эмгектенерин, иш-чараны чагылдыруу үчүн ал жерге келип, кумирин көргөндө кармана албай калганын айткан.
"Мен Ани Лорактын күйөрманы болом. Ал кызыл килемден өтүп бара жатканда кармана албай өпкүлөдүм. Аны коркутуп алганыма ыза болдум. Бул кылыгым үчүн жумуштан айдалдым. Ошентсе да, кылган кылыгыма өкүнбөйм", - деп билдирген Дмитрий Торин.